Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Ош—Ысык-Көл авиакаттамы ачылды
02.07.2023 | 15:50
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-июнда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.
Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Каттамдар 31-августка чейин каттайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом