Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды? Тизме

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды? Тизме

Кыргызстанда ушул жылдын 26-июндан 30-июнга чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Медер Машиев министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Дайындоо боюнча буйрукка 22-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Медер Машиев 1970-жылы туулган. 1992-жылы Жамбул технологиялык институтун бүтүргөн. Жеке ишкердик менен алектенип, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсында иштеген. 2010-2014-жылдары «Жалал-Абад мунай заводу» ЖЧКсын жетектеген.

Ошондой эле, Акылбек Жапаровдун башка буйругу менен Канат Рыскулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Канат Рыскулов 1985-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн. Статисткага мамлекеттик кызматында 11 жыл иштеген.  2021-жылдын апрель айында Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Мира Сейдикеримова президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Бул кызматта ал май айында башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Кыял Жанузакованын ордуна келди.

Мира Сейдикеримова буга чейин Талас шаарынын вице-мэри болуп иштеген.

Азамат Паизов Бишкек электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды.

“Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азамат Паизовду ишкананын жамаатына менен тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Ал эми Азамат Паизов ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Азамат Паизов буга чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалаган.

Сүйүнбек Усенов Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.

Ал бул убакытка чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын мурдагы директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Тотонов “Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

Кыргыз фондулук биржасынан билдиришкендей, Тотонов Нурбек Темирбекович “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 26-июнундагы чечими менен дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>