Жалал-Абадда медиктер сыйланды

Жалал-Абадда медиктер сыйланды

Жалал-Абад шаарында облустук Барпы театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус аймактарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде эмгектенген кызматкерлер жана тармактын ардагерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары өмүр сакчыларынын кесиптик майрамы менен куттуктап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын тапшырды.

«Сиздердин кесип – сыймыктуу, ошол эле учурда өтө жоопкерчиликтүү. Кыргызстандын башкы байлыгы эл болсо, ал эми баарыңыздар улуттун саламаттыгынын сакчылыгында турасыздар. Ден соолук – бул чоң бакыт. Ак халатчан дарыгерлер ар бирибиз үчүн — илгери үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Сиздер ар дайым жакшылыкка жол ачып, оору сыркоодон сакаюуга шарт түзүп, кээде өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар. Сиздердин мындан аркы иштериңизге да ийгиликтерди каалайм» , – деди Маматаев.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 1600дөн ашуун дарыгер, 6 миңден ашуун медайым эмгектенет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>