Садыр Жапаров Монголияга сапар менен кетти. Делегацияда ким бар?
Бүгүн, 9-июлда, президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы (парламент) Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.
Кыргызстандын расмий делегациясы:
Айгүл Жапарова – президенттин жубайы;
Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
Эдил Байсалов – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Муратбек Азымбакиев – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Айбек Артыкбаев – Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;
Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Тилек Текебаев – транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангелдиев – экономика жана коммерция министри;
Умбриэл Темиралиев – президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
Эмилбек Абдыкадыров – Бишкек шаарынын мэри;
Самат Насирдинов – айыл чарба министринин орун басары;
Эмил Осмонбетов – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда