Садыр Жапаров Монголияга сапар менен кетти. Делегацияда ким бар?

Садыр Жапаров Монголияга сапар менен кетти. Делегацияда ким бар?

Бүгүн, 9-июлда, президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы (парламент) Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.

Кыргызстандын расмий делегациясы:

Айгүл Жапарова — президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Эдил Байсалов — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;

Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Айбек Артыкбаев — Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;

Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Умбриэл Темиралиев — президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;

Самат Насирдинов — айыл чарба министринин орун басары;

Эмил Осмонбетов — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>