Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүүдө

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүүдө

Бүгүн, 9-июлда Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо өтүүдө.

Өлкөдөгү шайлоо тилкелери саат 08:00до ачылган, алар 20:00го чейин иштейт.

Өлкө башчы болууга төрт талапкер ат салышууда: Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, Либералдык-демократиялык партиядан Шавкат Мирзиеев, «Адолат» Социал-демократиялык партиядан Робахон Махмудова жана Экологиялык партиядан Абдушукур Хамзаев.

Эскерте кетсек, быйыл 30-апрелде Өзбекстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болуп өткөн. Референдумда кабыл алынган жаңы Баш мыйзам боюнча президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана алат.

2016-жылы өлкө башчылыгына келген Мирзиеев 2021-жылы ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аяктамак. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин Мирзиеев өзүнүн калган президенттик мөөнөтүнөн баш тартканын билдирип, кезексиз шайлоо өтөрүн жарыялаган.

Жаңы Конституция кабыл алынгандыктан Мирзиеевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, ал кайра президент болууга ат салыша алат.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>