Кыргызстанда бир жумада 191 мас айдоочу кармалды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 1-июлдан тартып, 7-июлга чейин 21 036 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Алардын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт башкаруу – 245;
– мас абалында унаа башкаруу – 191;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 39;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1013;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 431;
– авто ээнбаштык – 9;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 011;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 094;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 539 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз