Кыргызстанда бир жумада 191 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 191 мас айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 1-июлдан тартып, 7-июлга чейин 21 036 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Алардын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт башкаруу — 245;

— мас абалында унаа башкаруу — 191;

— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 39;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1013;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 431;

— авто ээнбаштык — 9;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 011;

— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 094;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 539 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>