Кыргызстандык бийчилер Вьетнамда өткөн турнирде жеңүүчү болушту

Кыргызстандык бийчилер Вьетнамда өткөн турнирде жеңүүчү болушту

Кыргызстандын бийчилери Вьетнамда өткөн эл аралык бий турниринде алтын байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.

Анын маалыматына караганда, 7-8-9-июль кңдөрү  Вьетнамдын Ханой шаарында спорт, бал бийи боюнча » WDSF Open taken place in Hanoi — Vietnam-2023″ аттуу эл аралык турнир болуп өттү.  Турнирге Вьетнам, Корея, Филиппин, Казакстан, Гонконг, Макао жана башка көптөгөн Азия өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.

Турнир Бүткүл дүйнөлүк спорт бий федерациясынын -WDSF колдоосу астында өттү. Бул турнирде Кыргызстандын бий спорт федерациясынын бийчилери мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Жаштар, латина категориясында бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 19 жуптун ичинен алтын медалга ээ болуп, биринчи орунду ээлешти.

Бий спорту федерациясы бул мелдештерге катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>