Адылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан V менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууладыЕАӨБ: Быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү 26,3%га кыскарды2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөтТойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттү
Үч айда Ысык-Көлдөн 8,5 тонна таштанды чыгарылды
12.07.2023 | 09:42
Ысык-Көл облусунда пансионаттардын жээги тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент С.Жапаровдун жарлыгынын негизинде суучулдар көлдү тазалоону жигердүү улантууда.
Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик пансионаттар тазаланууда.
Алар “Зето” , “Кейсар”, “Каганат”, “Ала-Тоо”, “Солнечный Берег”, “Алтын-Балалык” ден-соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору.
Жалпы 108 күн ичинде Ысык-Көлдүн 214 миңден ашуун гектар аянты тазаланып, суу астынан 97,200 метр балык уулоочу тор, 8575 кг таштанды чыгарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом