Бишкектин борборунда 30 жыл мыйзамсыз турган гараждар алынууда

Бишкектин борборунда 30 жыл мыйзамсыз турган гараждар алынууда

Бишкек шаарындагы Жусуп Абдрахманов 145 дарегинде 30 жылдан бери мыйзамсыз турган 21 гараж алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алуу иштери жол салуу максатында жүргүзүлүүдө.

Жеринде Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын  кызматкерлери Свердлов районунун акимиатынын, Свердлов РИИБдин кызматкерлери жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте иш алып барды. Гараждарды алуу иштеринин натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>