5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөтӨкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койду
Ошто өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды
18.07.2023 | 10:00
Ошто өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-июлда Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылган.
“Аталган даректе 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда аял уктап жатканы аныкталып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы”, – деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом