Кыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгынАКШ «Беш Көз» чалгын альянсына Украина боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарды берүүнү чектеди
“Ак-Ордо-3” конушундагы жол кырсык. Айдоочу кармалды
20.07.2023 | 10:25
“Ак-Ордо-3” конушунда жүргүнчү ташыган кичи автобусту оор жүк ташыган унаа сүзүп кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганын Чүй ОИИББден билдиришти.
“312-берене менен кылмыш иши козголду. Териштирүүнүн алкагында жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган Т.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда”, – деп билдирет башкармалыктан.
Жол кырсык 19-июлда саат 07:50 чамасында Элмирбек Иманалиев көчөсүндө болгон. №169 каттамдагы кичи автобус жолдон токтоп, жүргүнчүлөрдү салып, ордунан жылып баштаганда SCANIA R-124 чоң жүк ташуучу унаасы артынан келип сүзгөн. Кырсыктан улам 1 адам каза болуп 23 киши жабыркаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал