«Акча алып турган». Бишкекте милициянын капитаны кармалды

«Акча алып турган». Бишкекте милициянын капитаны кармалды

Бишкек шаардык милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, А.Ч. аттуу милициянын капитанына жума сайын бир адамдар тарабынан (УКМК ким экенин атаган жок) 10-15 миң сом акча берилип турган. 19-июлда адаттагыдай акча алып жаткан учурда ал ИИМдин Ички иликтөө кызматы жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Аталган фактыга байланыштуу шаардык милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Б. УКМКга алынып келген. Аны менен бирге А.Ч. менен К.Бнын жашаган жеринде, автоунааларында, ошондой эле, иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Шектүү катары кармалган милициянын капитаны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>