«Ак-Ордо-3» конушундагы кырсыктан канча адам жабыркаганы айтылды

«Ак-Ордо-3» конушундагы кырсыктан канча адам жабыркаганы айтылды

Чүйдүн Сокулук районундагы «Ак-Ордо-3» конушунда болгон жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 23 киши жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кичи автобустун ичинде 24 адам болгон. Бир киши жол кырсыктан кийин окуя жеринде каза тапкан.

Жаракат алган 23 адамдын 11и ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 4 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Үчөөнүн абалы өтө оор, бирөөсүнүкү оор деп бааланууда. Жети жаран денесинен ар кандай жаракат алып, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Калган жүргүнчүлөр дарыгерлердин кароосунан өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, жол кырсык бүгүн, 19-июлда саат 07:50 чамасында Элмирбек Иманалиев көчөсүндө болгон. №169 каттамдагы кичи автобус жолдон токтоп, жүргүнчүлөрдү салып, ордунан жылып баштаганда SCANIA R-124 чоң жүк ташуучу унаасы артынан келип сүзгөн.

«Ак-Ордо-3» конушунда үрөй учурган кырсыктан бир адам каза болду (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>