АКШ Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүн. УКМК үн катты

АКШ Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүн. УКМК үн катты

АКШнын Кыргызстанга карата “Россияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн” мүмкүн болгон экономикалык чаралар көрүлүшү тууралуу маалыматына байланыштуу УКМК коомчулукка төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт:

“АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга болот.

УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган продуктылардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкүн экендигин белгилейт.

УКМК тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталды.

Кыргызстан жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактоодо”.

Буга чейин АКШ Кыргызстанды Орусияга санкцияланган товарларды экспорттоону токтотууга мажбурлоо үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын Washington Post билдиргенин РИА Новости маалымдаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: АКШ сакция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>