Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталдыБишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөтБоомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылдыКыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштадыМСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө берди
Айлыгы 30 миң сомго чейин. Улуттук госпиталга адистер талап кылынат
28.07.2023 | 15:52
Улуттук госпиталга клиникалык фармаколог жана эпидемиолог талап кылынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эпидемиологдун 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек. Айлык маянасы 30 миң сомго чейин.
Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адис жана ширетүүчү талап кылынат. Ширетүүчүнүн эки жумалык эмгеги үчүн 15 миң сом айлык каралган.
Кошумча маалымат алуу үчүн Тоголок Молдо көчөсү, 1Б (Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маңдайы) дареги боюнча Улуттук госпиталдын кадрлар бөлүмүнө кайрылуу керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом