Алдамчылык менен алектенгендерге ырайым болбошу керек, — министр

Алдамчылык менен алектенгендерге ырайым болбошу керек, — министр

Оңой олжо табууну көздөп, алдамчылык менен алектенгендерге эч кандай ырайым болбошу керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда ИИМдин быйыл 6 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумунда министр Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымынла, акыркы кезде көптөгөн жарандар алдамчылардын курмандыгы болуп калууда

«Буга чейин каржы пирамидалардан, жер тилкелерин саткан шылуундардан, турак-жай кооперативдеринен жабыркап келишкен болсо, бүгүнкү күндө жалган туризмден, электрондук акча жүгүртүүдөн, биргелешкен бизнестен жана алдамчылыктын жаңы түрү болгон электрондук кумарканалардан жабыркап жатышат.

Оңой олжо менен алектенген адамдарга, алардын бириккен топторуна, уюштурган тараптарга эч кандай ырайым болбошу керек. Адам укуктары толугу менен корголуп, мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүрүп, калыстык дайыма болушу үчүн бул маселени жер-жердеги биринчи жетекчилер көзөмөлгө алыңыздар», — деди ал.

Сөзүн улай ал жарандардын кайрылууларын өз убагында чече албаган, көңүл бурбаган кызматкерлер менен алардын жетекчилерине чара көрүлөрүн билдирди.

«Айрым кызматкерлердин өз ишине шалаакы мамилесинен, жең ичинен жасаган жоруктарынан жарандарыбыз чындык издеп, жогорку инстанцияларга кайрылып, жардам сураган учурлары аз эмес. Мындан ары, арыз-билдирүүлөрдү өз учурунда мыйзамдуу чече албаган, элдин кайрылууларына көңүл бурууга жарабаган кызматкерлерди, алардын түздөн-түз жетекчилерин аныктап, катуу тартиптик чараларды көрүү үчүн жаңы эрежелерди ишке киргиздик.

Заманбап кадамдар менен бекитилген чаралар, ички иштер органдарынын ачыктыгын жана элдин арыз-даттанууларын өз учурунда чечүүгө жакшы көмөк көрсөтөт. Ишмердикти жеңилдетип, кайталоочу процедуралардан жана ашыкча бюрократиялык учурлардан арылуу максатында электрондук документ жүгүртүү тутумун мындан ары да жакшыртабыз», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>