Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат
Айлыгы 30 миң сомго чейин. Улуттук госпиталга адистер талап кылынат
28.07.2023 | 15:52
Улуттук госпиталга клиникалык фармаколог жана эпидемиолог талап кылынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эпидемиологдун 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек. Айлык маянасы 30 миң сомго чейин.
Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адис жана ширетүүчү талап кылынат. Ширетүүчүнүн эки жумалык эмгеги үчүн 15 миң сом айлык каралган.
Кошумча маалымат алуу үчүн Тоголок Молдо көчөсү, 1Б (Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маңдайы) дареги боюнча Улуттук госпиталдын кадрлар бөлүмүнө кайрылуу керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом