«Акчаң жокпу?!» Президент Бажы кызматынын төрагасын урушту (видео)

«Акчаң жокпу?!» Президент Бажы кызматынын төрагасын урушту (видео)

Бүгүн, 28-июлда президент Садыр Жапаров “Эркечтам” өткөрүү пунктуна барды, деп билдирет өлкө башчынын маалыматк ызматы.

Анда президент «Эркечтам» автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышып жатып,  Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековду бир дагы жолу ички көйгөйлөрдү айтып кайрылбаганы үчүн урушту.

Анда Исабеков «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайындагы административдик имараттардын бири талапка жооп бербегендиктен реконструкциялоого муктаж экенин айткан.

“Ыңгайлуу шарт түзүп алганга эмне тоскоол болуп жатат, айтчы. “Акчаң жокпу”, реконструкция кылганга эмне тоскоол болуп жатат? 5-августка чейин сметаңды жазып алып, мага келесиң. Мен акча таап берем, 1-октябрга чейин бүтүрөсүң. Эки жыл болуптур иштегениңе, ошондон бери ушул сунушту киргизбей эмне кылып жүрөсүң? Ар бир жетекчи иштеп жаткан жериңерге шарт түзүп беришиңер керек… Мамлекетти багып жаткан жердин бири ушул жай да. «Ооба» дейсиң да анан эки жылдан бери отурасың», — деди президент.

Паспорт боюнча «Эркечтам» өткөрмө пунктун колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>