Кыргызстан ЖМКларды каттоо эрежелерин жаңылады: медиа жана журналисттер үчүн эмне өзгөрөт?
Кыргызстандын Министрлер Кабинети 2019-жылдагы ченемдердин ордуна массалык маалымат каражаттарын (ЖМК) мамлекеттик каттоо жөнүндө жаңы жобону бекитти. Документ расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал каттоо процедурасын гана эмес, мамлекет менен медиа чөйрөнүн ортосундагы мамилелердин логикасын да өзгөртөт.
Эмне үчүн жаңы эрежелер керек болду?
Мурдагы жобо 2019-жылдан бери иштеп келген жана иштеп чыгуучулардын пикиринде, эскирип калган: бул аралыкта медиа рынок кыйла өзгөрүп, онлайн-басылмалар, подкасттар, видео-блогдор сыяктуу жаңы форматтар пайда болду. Жөнгө салуу реалдуулукка жетишпей жаткан.
Жаңы документ системалуу түрдө камтууну көздөйт. Ал арыз берүү процедурасын жаңылап гана тим болбостон, ким ЖМК болуп саналат, ким уюштуруучу боло алат, эмнелерди жарыялоого уруксат берилет жана каттоодон өткөндөн кийин мамлекет бул ченемдердин сакталышын кантип көзөмөлдөйт — ушунун баарын кайрадан аныктайт. Аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин администрациясына өткөрүлүп берилген. Ал эми Юстиция министрлигине ЖМКлардын реестрин актуалдаштыруу үчүн алты ай убакыт берилди.
Кимдер катталууга милдеттүү, ал эми кимдерге милдеттүү эмес?
Жаңы жободогу негизги маселелердин бири — массалык маалымат каражаты менен интернеттеги жөн гана коомдук активдүүлүктүн ортосундагы чек ара кайсы жерден өтөрү.
Мыйзам негизинен өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тараткандарды жөнгө салуудан бошотот: булар өз товарлары, кызматтары же иш-чаралары жөнүндө жаңылыктарды жарыялаган компаниялар, уюмдар, долбоорлор. Эгерде билим берүү, аналитикалык, методикалык жана маалымдама материалдары кесипкөй журналистика болуп саналбаса, алар да катталууга жатпайт.
Милдеттүү каттоо салттуу форматтарга — басма сөз каражаттарына, телеканалдарга, радиостанцияларга, ошондой эле аудио жана видео программаларга, кинохроникага жана онлайн-медиага жайылтылат.
Негизги критерий — туруктуу аталыштын болушу жана жарыялоолордун (публикациялардын) үзгүлтүксүздүгү. Дал ушул жерде белгисиздик аймагы жаралат: эгерде блог, YouTube каналы же социалдык тармактардагы баракча системалуу түрдө жүргүзүлүп, коомдук маанилүү маалыматтарды жарыялап турса, ал тармактык басылма (сетевое издание) катары таанылып, каттоо талаптарына түшүп калышы мүмкүн. Жумасына же айына канча публикация «үзгүлтүксүздүк» деп эсептелери документте так сан менен көрсөтүлгөн эмес. Бул мыйзамды колдонуучуларга чечмелөө үчүн кенен мүмкүнчүлүк калтырат.
Чет өлкөлүк капитал — 35%дан ашпоого тийиш
Ченемдердин өзүнчө бир блогу ЖМКлардагы чет өлкөлүк катышууну жөнгө салат. Мыйзам буга жол берет, бирок катуу чектөө киргизет: каалаган массалык маалымат каражатындагы чет өлкөлүк капиталдын үлүшү 35%дан ашпоого тийиш.
Бул каржылоо булактарына карабастан, контролдук пакет улуттук субъекттерде калышы керек дегенди билдирет. Формалдуу түрдө система эл аралык катышуу үчүн ачык бойдон калууда, бирок иш жүзүндө медиа чөйрөнү ички көзөмөлдөө принцибин бекитет.
Ошол эле учурда мыйзам ЖМКны негиздөөгө укуктуу болгондордун чөйрөсүн тарытат. Жашы жете электер, жазасын өтөп жаткандар же аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар, ошондой эле соттун чечими боюнча ишмердүүлүгүнө тыюу салынган юридикалык жактар уюштуруучу боло алышпайт.
Каттоодон кантип өтүү керек: аталышты текшерүүнүн үч деңгээли
Каттоо процедурасы документтерди тапшырганга чейин эле — аталышты текшерүүдөн башталат. Бул толук кандуу, көп баскычтуу тандоо.
Биринчи деңгээлде уюштуруучулар аталышты ачык реестр аркылуу өз алдынча текшеришет. Экинчисинде — каалоосу боюнча — каттоочу органдан алдын ала корутунду ала алышат. Үчүнчү деңгээлде милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертиза жүргүзүлөт.
Диний терминологияны колдонууга чектөөлөр өзгөчө белгиленген. Аталыштарда диний окууларга, ыйык китептерге жана руханий макамдарга байланышкан сөздөрдү колдонууга тыюу салынат. Тыюу салынган тизмеге, атап айтканда, «Библия», «Будда», «Иегова», «Жихад», «Гуру», «Карма», «Евангелие», «Муслим» жана башка бир катар түшүнүктөр киргизилген. Мындан тышкары, басмырлоочу (дискриминациялык), туура эмес же уят сөздөрү бар аталыштарга жол берилбейт.
Арызды ЖМКнын уюштуруучусу, редакциянын жетекчиси, ишмердүүлүк токтотулганда жоюучу же ишеним кат боюнча башка адам бере алат. Арызга устав, уюштуруучу менен редакциянын ортосундагы келишим, паспорттун көчүрмөлөрү тиркелген уюштуруучулардын тизмеси жана мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн тастыктоочу документ тиркелет. Негизги документ болгон ЖМКны түзүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр камтылышы керек: аталышы, уюштуруучулар жөнүндө маалымат, басылманын түрү, домендик аты, юридикалык дареги, байланыштар, башкы редактордун маалыматтары, таратуу тили жана аймагы. Бардык кол тамгалар нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Кароо мөөнөттөрү салыштырмалуу кыска: каттоо же кайра каттоо — беш жумушчу күнгө чейин, күбөлүк берүү — үч жумушчу күнгө чейин.
Баш тартуу үчүн негиздер
Каттоодон баш тартуу кенен тизмедеги негиздер боюнча болушу мүмкүн. Формалдуу себептер — документтердин толук эмес пакети, каталар же дал келбестиктер, аталыштын буга чейин катталган ЖМК менен окшоштугу. Мазмундук себептер — мыйзам талаптарын бузуу, арыз ээсинин ЖМК түзүү укугунун жоктугу, соттун тыюу салуусунун болушу.
Белгилей кетсек, негиздердин бир бөлүгү баалоочу мүнөзгө ээ: «туура эмес» же басмырлоочу элементтерди камтыган деп табылган аталыш да баш тартууга себеп болушу мүмкүн. Так кандай сөз айкаштары бул категорияга кирери мыйзамда такталган эмес.
Эмнелерди жарыялоого болбойт?
Документтин өзүнчө бөлүмү мазмунга (контентке) коюлган чектөөлөргө арналган. Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар, улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу, терроризмди актоо, зордук-зомбулукту пропагандалоо жана баңгизаттар тууралуу маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Бул көрүнүштөргө каршы турууга багытталган аналитикалык жана изилдөө материалдары үчүн өзгөчө шарт (исключение) каралган.
Каттоо туруктуу процесс катары
Күбөлүктү алуу менен редакциянын мамлекет менен болгон мамилеси аяктабайт. Каттоодон өткөндөн кийин ЖМК 30 күндүн ичинде каттоочу органга ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу: жетекчинин, даректин, байланыш маалыматтарынын, уюштуруучулардын курамынын же домендик аттын алмашканы жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Бул талапты аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.
ЖМКлардын реестри ачык бойдон калат: каалаган адам катталган басылмалар тууралуу маалымат ала алат. Архивдик документтер суроо-талап боюнча беш күндүн ичинде берилет.