Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөт
Эреже бузуп, темир менен урууга аракет кылган айдоочу айыпка жыгылды (видео)
02.08.2023 | 15:50
Бишкек – Манас аэропорту жолунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, башка унаалардын алдын тороп, жеңил унаанын айдоочусуна темир көтөрүп чуркаган. Окуянын видеосу соцтармактарга тараган.
Видео соцтармактарга чыккандан кийин Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган айдоочуну таап, ага айып пул салган. Айдоочу Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгү жана 192-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 15 миң жана 1 миң сом айыпка жыгылган.
Ал эми айдооучунун VOLVO-FH12 унаасы айып аянтчасына токтотулган.
Инспекторлор айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
ЖКККБнын кызматкерлери айдоочулардан жол эрежесин сактоону суранат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом