Тулпар картасын кайдан сатып алса жана кантип толтурса болот?

Тулпар картасын кайдан сатып алса жана кантип толтурса болот?

Тулпар картасын кайдан сатып алса жана кантип толтурса боло турганын Бишкек мэриясы түшүндүрүп берет.

Билдирүүгө ылайык, картаны О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргызпочтасы» ААК филиалдарынан, «Тулпар» тейлөө борборлорунан, троллейбус, автобус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт.

Убактылуу акциянын алкагында 20-августтан тарта айдоочулардан сатып алууда картанын баасы бир жолку бекер жол жүрүү менен  30 сомду түзөт. Соода түйүндөрүнүн толук тизмеси менен https://www.tulpar-card.kg/about/buy/ шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.

Балансты кантип толтуруу керек?

Балансты терминалдардан, төлөм системалары аркылуу (ККБ, Мбанк, Megapay, Balance, O! Money ж.б.), «Кыргызпочтасы» ААК филиалдарынан толуктасаңыз болот. Толук тизме менен https://www.tulpar-card.kg/about/pay/ шилтемеси аркылуу таанышыңыз.

Балансты кантип көзөмөлдөө керек?

Ал үчүн Tulpar мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, картаны байланыштырыш керек. Колдонмо iOS жана Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>