Бишкекте 33 жаштагы Талант Кубанычкул уулу изделүүдө

Бишкекте 33 жаштагы Талант Кубанычкул уулу изделүүдө

Бишкекте бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы Талант Кубанычкул уулу изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июлда милицияга Т.К. аттуу аял кайрылып, бир тууганы Талант Кубанычкул уулу 26-июлдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Белгилүү болгондой ал Ысык-Ата районундагы (Чүй) үйүнөн чыгып, Бишкектеги Чыгыш автобекетинен түшүп калып, андан кийин дайынсыз жоголгон.

Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см, олбурлуу, көзү кара. Бетинде операциядан калган так тар. 2-топтогу майып, Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турат.

Ак-кара түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым кийип жүргөн.

Милиция Талант Кубанычкул уулуну табууга жардам бере турган маалыматы бар жарандарды 0702 49-88-88, 0704 85-58-12, 0704 103-102 же 102 кызматына кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>