Президенттин карындашынын колун сураган жигит менен иниси боюнча сот иши жыйынтыкталдыБишкекте мыйзамсыз “Ош сила” лотереясын өткөргөн топ кармалдыКыргызстанда өлүм жазасын киргизүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлдуЧүйдө эки жаш баланы жүк ташуучу унаа коюп кетип, каза болуштуШератондогу жаңжал: Сот Зарина Воинова жана анын бир тууганы боюнча өкүм чыгардыИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда өлтүрүлдү
Тышкы иштер министри Кулубаев Германияга сапар менен барат
23.08.2023 | 11:00
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-25-августта Германияга сапар менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Cапардын алкагында Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен жолугушат.
“Сапардын максаты – Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулоо”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Германиянын президентинин аппаратынын жана канцлердин аппаратынын жетекчилиги жана Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федералдык министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом