Айпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылууда
Кыргызстандык парадзюдочу эл аралык мелдеште коло тагынды
24.08.2023 | 12:47
Кыргызстандык парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы Бирмингем шаарында (Улуу Британия) өтүп жаткан IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу таймашка 48 кг салмакта катышкан. Биринчи айлампада ал аргентиналык дзюдочуга жеңилген. Экинчи айлампада колумбиялык атаандашын ипон ыкмасы менен жеңип алды.
Коло медаль үчүн беттеште бразилиялык спортчуну жеңген.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш көрүүсү начар спортчулар арасында биринчи жолу өтүп жатат. Жалпы 70 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышууда.
Мелдеш 17-август күнү башталган, 27-август күнү жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз