Кыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлду
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору кызматынан бошотулду
30.08.2023 | 20:50
Бүгүн, 30-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев иш сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде болду.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кызматтык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулду.
Жаңы ректор дайындалганга чейин Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректорунун милдетин аткаруу университеттин окуу иштери боюнча проректору, доцент Алтынбек Зулпукаровго жүктөлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим