Чүйдүн Орок айылында жаңы стадиондун курулушу башталды

Чүйдүн Орок айылында жаңы стадиондун курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салды.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн токтотуучу жай бар. Стадиондун 5 кириши жана 3 көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, трибуналардын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот.

Азем катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы кыргыз эли эзелтен намыска бек, эрки күчтүү, кандан-бектен тайманбаган жоокер эл болгонун белгиледи. Көчмөн замандарда ат жалында жүрүп, улуттук оюндар, улуттук спорттун түрлөрү менен машыгып, Ата Мекенин коргоо үчүн эл-четинде, жоо бетинде турушкан.

“Бүгүнкү бейпилчилик заманда эр-азаматтардын эркин бүлөп, ден соолугун чыңоочу спорттун жаңы түрлөрү жаралды. Биздин уул-кыздарыбыз спорттун бир топ түрлөрү боюнча кыргыз байрагын эл аралык майдандарда бийик желбиретип келишет. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө спортко кызыккан, сергек жашоо образын карманган жарандарыбыз абдан көп. Футбол спортунун жүз миңдеген күйөрмандары “заманбап стадионубуз болсо” деген каалоо-тилеги көптөн бери айтылып келатты эле. Ушинтип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында кесипкөй футболчулардын, кыргыз футбол күйөрмандарынын, жалпы эл-журтубуздун кыялын ишке ашырууга кадам ташталды”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров заманбап стадион куруу жөнүндө жаштарга берилген убада аткарыларына токтолду. Жарандар жакынкы мезгилде жаңы, заманбап стадиондун ичинде ата мекендик футбол оюндарына күбө боло алабыз. Жеке эле өлкө ичиндеги командалардын оюндары эмес, эң жогорку даражадагы эл аралык мелдештер дагы өткөрүлөт.

Ошондой эле мамлекет башчысы буга чейин бир топ спорттук мелдештер, өзгөчө футбол оюндары көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлүп келгенин эске салды.

“Ал стадион боюнча дагы биздин пландарыбыз бар. Тарыхыбызда татыктуу орун ээлеген бул спорт объектисинин абалын жакшыртуу үчүн иш-аракеттер болот”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров жаңы стадиондун курулушуна Улуттук футбол курама командасынын чын жүрөктөн кубанганын өзгөчө канааттануу менен белгиледи. Маалым болгондой, улуттук курама команданын оюнчулары дүйнөнүн ар кайсы заманбап стадиондорунда ойноп, көздөрү күйүп, Кыргызстанда да ушундай стадиондор курулса деп кыялданышкан.

Президент жаңы стадиондун курулушу Азия чемпионатына даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына дем-күч берерине бекем ишенимин билдирди.

Соңунда мамлекет башчы кыргыз футболунда жакшы саамалыктар болуп жатканына токтолду.

“Атактуу “Барселона” футбол клубунун академиясы кечээ Жалал-Абадда ачылса, бүгүн дал ошондой академиянын пайдубалы Бишкекте түптөлдү. Көптөгөн футбол легендалары чыккан “Барселонанын” бул академиялары Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи болуп Кыргызстанда ачылып жатканын дагы бир жолу айта кетейин. Бара-бара бүтүндөй Кыргызстандын аймактарына ушундай академиялар ачылып, заманбап стадиондор курулат деген ишеничтемин!” — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>