БШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырдыКыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдү
Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жаран изделүүдө
05.09.2023 | 14:37
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 54 жаштагы К.Ж. аттуу жаран 25-августта болжол менен саат 07:00до үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Буга чейин аны шаардык милициянын кызматкерлери издеп, издөө иштеринен майнап чыккан эмес.
4-сентябрь күнү ӨКМдин “112” кызматына издөө иштерине көмөктөшүү тууралуу кайрылуу түшкөн.
5-сентябрда издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз