Москвадан келгенден бери дайынсыз. 28 жаштагы Максат изделүүдө

Москвадан келгенден бери дайынсыз. 28 жаштагы Максат изделүүдө

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы дайынсыз болгон 28 жаштагы Максат Эрик уулуну издеп жатат.

Маалыматка караганда, быйыл 16-августта райондук милицияга Д.Э. аттуу жаран кайрылып, дайынсыз болгон 28 жаштагы уулу Максатты издешүүгө жардам сураган. Анын айтымында, уулу 2019-жылы Россияга иштегени кетип, акыркы жолу 2023-жылдын январь айында байланышка чыгып, ошол бойдон дайынсыз болууда.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда Максат Эрик уулу 2023-жылдын 22-январында Москва — Бишкек аба каттамы менен мекенине учуп келгени белгилүү болгон.

Өзгөчө белгилер: бою болжол менен 170-175 см, арык чырай, чачы кара, узун (ийнине чейин), көзү күрөң.

Милиция Максат Эрик уулуну көргөн-билген жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0312 352 947 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>