Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
ИИМ: Чүйдө абакка маңзат ыргытууга аракет кылган жаран кармалды
12.09.2023 | 09:52
Чүйдүн Москва районундагы абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери 42 жаштагы Р.А. аттуу жаранды абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылып жатканда колго түшүргөн. Аны текшерүү учурунда жанынан маңзат салынган эки желим бөлөткө жана скотч менен оролгон беш брикет табылып алынган. Алынган зат нашаа жана марихуана баңгизаты болуп чыккан. Анын жалпы салмагы 3 кг 884 граммды түзгөн: 3 кг 40 грамм нашаа жана 844 грамм марихуана.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү Москва райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз