25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүч
19 жаштагы футболчу Абылкасымов жол кырсыктан каза болду
18.09.2023 | 23:37
Кыргызстандын 16 жашка чейинки жаштар курамасынын, «Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футболдук клубдарынын экс-чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов мезгилсиз дүйнө салды.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, 19 жаштагы футболчу каргашалуу жол кырсыгынан каза болду.
2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 0:2 эсебинде оюндун жыйынтыгын өзгөрткөн эле.
Ааламбек “Илбирстин” курамында 2021-жылдын 16-мартында Премьер-Лигада дебют жасаган. 2023-жылы Абдыш-Ата-2 үчүн ат салышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар