Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Футболчу Бекназ Алмазбеков Түркиянын жогорку лигасында ойнойт
19.09.2023 | 09:00
Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков Түркиянын жогорку лигасындагы «Галатасарай» клубунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18 жаштагы Алмазбеков «Галатасарай» менен 2025-2026-жылдагы сезондун аягына чейин келишим түзгөн.
Бекназ Алмазбеков 2022-жылдын 11-июнунда Кыргызстандын курамасынын катарында биринчи беттешин өткөргөн. Анда Кыргызстан Азия кубогуна тандап алуу турунун алкагында Мьянма менен ойногон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз