Ош – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстүТүшүнүксүз жагдай жана ишенимге олуттуу доо кетирүү — КР ТИМи Евробиримдиктин санкциялары тууралууКадамжайда мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелгендер кармалдыКабмин бизнести колдоонун 2030-жылга чейинки программасын чукул бекитүүнү тапшырдыКыргызстандын президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алды
Кыргызстан менен Кытай айыл чарба тармагында тыгыз кызматташат
19.09.2023 | 22:04
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылуу маселелери козголду.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
– агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу;
– айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу;
– айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо;
– соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандын КЭРге айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом