Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармады (видео)
28.09.2023 | 13:45
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы И.Ж. жана В.Ш. аттуу балдар Көлбаевдин абакта отурган адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан 2,5 миң доллар опузалаган.
Шектүүлөр 26-сентябрда 210 миң сом акча алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз