Депутат: 2022-жылдан бери соттор 88 педофилди пробация менен бошоткон (видео)

Депутат: 2022-жылдан бери соттор 88 педофилди пробация менен бошоткон (видео)

Кыргызстанда 2022-жылдан бери соттор тарабынан 88 педофил пробация менен абактан бошотулган. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Жогорку сот менен пробация департаментинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга элек өспүрүмдөр менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге барган, зордуктаган 88 адам пробация менен абактан чыгып кетиптир. 2 жылга жетпеген убакта 88 адам чыгып кетиптир. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү зордуктагандар кайра абактан чыгып кетет экен. Бир фактты айтсам, үрөйүңөр учат. Пробация менен чыгып кеткенден кийин (кылмышкер -ред.) зордуктаган кызга кайра барып зордуктап, кайра боюнда болуптур. Мына соттор пробация менен бошотуп салат да», — деди ал.

Ал соттор зордуктоо менен соттолгон кылмышкерлерге карата пробация колдонуу боюнча мыйзамдагы жылчыкчаны таап алганын, педофилдер пробация менен абактан чыкпашы керектигин билдирди. Акаев бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун сунуштап жатышканын жана аны чукул арада кабыл алып берүү зарыл экенин айтты.

«16 жашка толо электер менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге, зордуктоого барган кылмышкер, мыкаачылар үчүн пробация иштебеш керек. Алар оор жазага тартылып, түрмөдөн бошонушуна бөгөт коюшубуз керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>