Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
Бишкекте дайынсыз жоголгон 60 жаштагы Мален Рахматов изделүүдө
28.09.2023 | 17:20
Бишкекте дайынсыз жоголгон 60 жаштагы Мален Рахматов изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-сентябрда милицияга Рахматовдун бир тууганы кайрылып, Мален Рахматов ошол эле күнү 10-кичи районундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай,
Өзгөчө белгилери: унутчаактыгы бар (деменция)
Кийген кийими: жинсы жана сарыгыч-боз түстөгү кофта
Милиция учурда Мален Рахматовду издөө иштери жүрүп жатканын, аны көргөндөр болсо, 0(700) 100 058, 0(550) 111 195, 0(700) 650 035 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом