Росгвардиянын делегациясы ИИМдин Академиясынын иши менен таанышты

Росгвардиянын делегациясы ИИМдин Академиясынын иши менен таанышты

Бүгүн, 28-сентябрдаРоссиянын Улуттук гвардиялык аскерлеринин Федералдык кызматынын делегациясы Ички иштер министрлигинин Академиясында болуп, Академиянын иши менен таанышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Академияда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын башчысы Тариель Абитов жана Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин Федералдык кызматынын делегациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү өткөрүлгөн.

«Жолугушууда тараптар Росгвардия менен ИИМдин Академиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. ИИМдин Академиясынын башчысы Тариел Абитов келген конокторго Кыргыз ИИМинин квалификациялуу кызматкерлерин даярдоо боюнча окуу жайдын ишмердүүлүгү менен тааныштырды», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Олег Плохой билим берүү жана илим тармагында кызматташууга, мугалимдердин өз ара сапарларын уюштурууга, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана окуу-методикалык материалдарды даярдоо, ошондой эле монографияларды, илимий эмгектердин жыйнактарын жана макалаларды басып чыгаруу жана илимий изилдөөлөрдү басылмаларда басып чыгаруу боюнча ой-пикирин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор электрондук тир окуу классын, криминалистикалык полигонду жана ИИМдин Академиясынын музейинде болушуп, ардактуу коноктордун китебине каалоо-тилектерин калтырышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>