Камчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин эки метрге жылып кеткенАдылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясында сөз сүйлөдүБишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалдыЖалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүм сабалып каза тапканы айтылуудаЧолпон-Ата шаарына жаңы мэр дайындалдыБир айда жол эрежесин бузган 86 миңден ашык айдоочу аныкталды
Таласта эркек киши шаар тургунунун мойнуна бычак сайып, качып кеткен
28.09.2023 | 17:48
Таласта шаар тургунунун мойнуна бычак сайып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-сентябрда Таластын Оторбаев көчөсүндөгү “Глобус” соода борборунун алдында белгисиз жаран 43 жаштагы тургундун мойнуна бычак сайып, андан кийин качып кеткен. Натыйжада бычак жеген жаран ооруканага түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Бейбаштык максатта адам өмүрүн кыюуга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милициядан билдиришкендей, бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Э.К. уулу аттуу шаар тургуну кармалган. Окуя учурунда ал мас абалында болгон.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз