Ысык-Көлдө жоголгон блогер Бекболот Бишкектен табылды

Ысык-Көлдө жоголгон блогер Бекболот Бишкектен табылды

Ысык-Көлдө 25-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы блогер Бекболот Турдушев Бишкектен аман-эсен табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда милицияга Бекболот Турдушевдин атасы кайрылып, уулун издөөгө жардамдашууну суранган. Ал Каракол шаарына чогуу келишкенин, андан кийин 25-сентябрда болжол менен саат 15:00до уулу шаардагы досторуна жолугууга кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Арыз Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, издөө иштери башталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 11 жаштагы Бекболот Турдушев Бишкектен табылган. Ал 25-сентябрда достору менен Бишкек шаарына кетип, алар менен чогуу жүргөн.

«Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат», — деп билдириши милициядан.

Эскерте кетсек, Бекболот Турдушев 2021-жылы белгилүү болгон. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, өзүнүн Балбай айылына мектеп жана бала бакча куруп берүүнү суранган. Кийинчерээк ал президент менен жолугушкан.

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан блогер Бекболот Турдушев изделүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>