Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Садыр Жапаров Ормон хандын 230 жылдыгын белгилөөгө катышат
02.10.2023 | 10:20
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Семиз-Бел айылында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу жана башка маданий-массалык иш-чаралар болот.
Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
Майрамдык иш-чаралар 10:45те башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом