Бүгүн Нарында Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет

Бүгүн Нарында Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет

Нарындын Кочкор районунда бүгүн, 2-октябрда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон хан) 230 жылдыгы белгиленет.

Мааракенин алкагында Семиз-Бел айылында Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, Ормон хандын эстелиги ачылат.

«Иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо болот. Ал эми мааракенин маданий бөлүгү Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында уюштурулат.

Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга — кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган.

Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака-катышта болуп турушкан.

Ниязбек уулу кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин “Жер ортосу” аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.

1847-жылы Кенесары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Салгылашка бек турган Ормон хан аскерлери менен казак ханы Кенесарыны жеңип, бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>