Өзбекстан ЕАЭБ менен байланышты бекемдейт: кызматташтыктын жаңы горизонтторуКыргыз мушкери Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты Бишкек абанын булганышы боюнча 70-орунду ээледиСадыр Жапаров Ашхабаддагы тынчтык жана бейтараптыкка арналган эл аралык форумда сөз сүйлөдүБишкекте жаштар Улуттук адабият күнүндө Чыңгыз Айтматовду эскериштиӨзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады
Коргоо министрлигинде кадрдык алмашуулар болду
03.10.2023 | 10:03
Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолорду жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Генералдык штабдын жетекчиси Эрлик Тердикбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Башкы штабды Руслан Мукамбетов жетектей турган болду. Ал буга чейин Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болчу.
Алмазбек Карасартов коргоо министринин орун басарлыгы менен бирге Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгын дагы башкарат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом