Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеевдин атаандаштары белгилүү болду

Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеевдин атаандаштары белгилүү болду

Эртең, 4-октябрда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер башталат.

Аталган мелдеште 67 кг салмакта жылдызы жанып келе жаткан кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев күч сынашат. Ал быйыл 19 жашта. Бейшекеев — жаш экенине карабай Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековдун жолун жолдоп, күрөш дүйнөсүнө атын чыгарып, топ жара турган балбандардын бири.

Быйыл ал 67 кг салмакта Кыргызстандын биринчилигин жеңип, өлкө чемпиону болду. Финалда Раззак Бейшеекев Жоламан Шаршенбековдун агасы, Кыргызстандагы күчтүү, тажрыйбалуу балбандардын бири, 2022-жылы Азия чемпиону болгон (63 кг) Тынар Шаршенбековду жеңген.

Кыргызстандын чемпиону болгондон кийин Раззак Бейшекеев күрөш боюнча чоңдор арасындагы биринчи мелдешине – Египеттеги рейтингдик мелдешке катышып, коло байге тагынган.

Андан кийин апрель айында Астанада өткөн Азия биринчилигинде коло медаль уткан. Көп өтпөй Бишкекте өткөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия биринчилигинин алтын байгесин утуп, Азия чемпиону атанды.

Августта Сербяида өткөн Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial мелдешинде алтын медалдын ээси болду. Жарым финалдык беттеште Бейшекеев былтыр Сербияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө биринчилигинде 63 кг салмакта дүйнө чемпиону болгон Себастьян Надды жеңген.

Эми ал спорттук карьерасында биринчи жолу Азия оюндарына катышканы турат. Раззак Бейшекеев күрөшкөн 67 кг салмак олимпиадалык салмак болгондуктан, Азия оюндарында көрсөткөн (жана алдыдагы) жыйынтыгы менен ал келерки жылы Олимпиадага лицензия берүүчү мелдешке катышып калышы толук мүмкүн. Эгер ал лицензиялык мелдешке катышып, Олимпиадага жолдомо ала алса, анын Париждеги беттештерин көрүп калмакчыбыз.

Учурда Раззак Бейшекеевдин Азия оюндарындагы атаандаштарынын аттары белгилүү болду. Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялаган тизмеге ылайык, мелдешке жалпы 13 балбан катышат. 67 кг салмакта балбандар 4-октябрда таймашка чыгат.

67 кг салмакта күрөшө турган балбандар:

  • Лей Ли (Кытай)
  • Ёнджин Ро (Түндүк Корея)
  • Нираж (Индия)
  • Мухаммад Алянсия (Индонезия)
  • Даниал Сохраби (Иран)
  • Кацуаки Эндо (Япония)
  • Мейиржан Шермаханбет (Казакстан)
  • Раззак Бейшекеев (Кыргызстан)
  • Хансу Рю (Түштүк Корея)
  • Нуттапонг Хинми (Таиланд)
  • Фируз Мирзоражабов (Тажикстан)
  • Мансур Еурбердиев (Түркмөнстан)
  • Махмуд Бахшиллоев (Өзбекстан)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>