Вашингтондо Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоордук макулдашууга кол коюлдуКыргызстан инвесторлорду коргоону күчөтүүдө — президент мыйзамга кол койдуЧүй облусунда 1 миллион сомдук акциздик маркасы жок тамекилердин партиясы аныкталдыТоң районунда селден коргоочу дамба пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен жолугушуп, бир катар макулдашууларга жетиштиИрандын деңиз блокадасы күчүнө кирди — Трамп анын чыныгы максатын ачыктады
Парламентте вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралып жатат
05.02.2020 | 10:02
Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр кызматына Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралып жатат. Аны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга тааныштырды.
«Асрандиевдин тажрыйбасы жетиштүү деп ойлойм. ЕАЭБ тармагында сүйлөшүүлөргө дарамети жетет», – деди Абылгазиев.
Асрандиевдин талапкерлигин кечээ, 4-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жактырган.
Асрандиевдин талапкерлиги экономикалык тармакты тейлеген Замирбек Аскаровдун ордуна каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат