Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Бишкекте 1 ай мурда жаш кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)
10.10.2023 | 16:43
Бишкекте 1 ай мурда 21 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурадуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-сентябрга караган түнү болжол менен саат 03:30да Бишкектин Рыскулов көчөсүндө белгисиз айдоочу 21 жаштагы Р.Г. аттуу жөө адамды (кыз киши) сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. Жол кырсыктан жабыркаган кыз ооруканага түшкөн.
Издөө иштеринин натыйжасында аталган жол кырсыкта жөө адамды сүзүп, качып кеткен делип 32 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган.
Учурда анын унаасы айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз