Жол эрежесин бузууга салынган айыптын көбү арзандатуу менен төлөнөт

Жол эрежесин бузууга салынган айыптын көбү арзандатуу менен төлөнөт

2023-жылдын башынан бери салынган айып пулдардын 74,4 пайызы төлөндү. Бул тууралуу Жогорку кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын маалыматында, 9 айда салынган айыппулдун 85,5 пайызы арзандатуу менен, 12 пайызы толугу менен, 2,3 пайызы тууму менен төгүлгөн.

Жыйында Ички иштер министрлиги жол эреже бузган айдоочулардын айыппулду кечиктирип төлөгөнү үчүн кошулган туумду (пеня) алып салууну сунушу каралды.
Азамат Исраилов туум алынып салынса дагы, айдоочулар айып пулду төлөөдөн кача албастыгын айтты.

“Буга чейин салынган айып пул жоюлбайт, болгону ага салынган туум гана алынат”, — деп эскертти ал.

Сүйүнчү! Айыппулдун туумдары жоюлуп, жүздөгөн айдоочунун «карыздары» кечилет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>