«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бишкекте митинг өткөрүүгө чектөө узартылды
11.10.2023 | 15:38
Бишкекте митинг өткөрүүгө чектөөлөр 2023-жылдын аягына чейин узартылды. Бул боюнча Биринчи май райондук соту чечим кабыл алганын мэрия кабарлады.
Маалыматка караганда, калаа башчылыгы массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында сотко кайрылган.
31-декабрга чейин Жогорку Кеңештин, Россиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө болбойт.
Жарандар Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы сейил бакта гана чогула алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом