УКМК: Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү кармалды

УКМК: Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү кармалды

«Каганат Resort» эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Аврора Групп» ЖЧКсынын ээси Азрет Боотаев кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-октябрда кармалган. Ал кылмышка шериктештик кылууга шектелүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, ал Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү болгон.

Ошондой эле УКМК кээ бир ЖМКларга чыккан «Бишкек шаары, Курултай көчөсү 53» дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк Камчы Көлбаевге эмес, башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыка дал келбей турганын билдирди. Буга чейин Кеңешбек Молдобаев аттуу жаран ЖМКларга УКМК көрсөткөн «Бишкек шаары,Курултай көчөсү 53» даректеги үй аныкы экенин айткан.

Бирок УКМК Молдобаев «Курултай көчөсү 49» дарегинде турарын, Боотавге коңшу жашарын билдирди. Ал эми «Курултай көчөсү 53» дарегиндеги үй Азрет Боотаевдин атасы Түркмен Боотаевдин наамына катталган.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0 (312) 66-04-75, 0 (312) 62-65-04, 0 (702) 68-28-68 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>