Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан Айнуска аман-эсен табылды
11.10.2023 | 14:59
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Айнуска Саматова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Эскерте кетсек, 4-октябрда облустук милиция Айнуска Саматова 29-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
10-октябрь күнү Базар-Коргон райондук милициянын кызматкерлери Саматованы Бишкек шаарынан таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.
“Айнуска Саматова Бишкек шаарына өзүнүн жумуштары менен кеткенин, үй-бүлөсү менен эч кандай чыр-чатак болбогондугун билдирген”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом